• 87.6
  • 93.91
  • 0.99

Салык кызматы комбанктар үчүн салыктык каттоону текшерүү боюнча сервисти ишке киргизди

Экономика 0

Бишкек, 31.05.24. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы коммерциялык банктар үчүн салыктык каттоону текшерүү боюнча сервисти ишке киргизди.

Ведомстводон маалымдашкандай, бул кызматтын жардамы менен банктар чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн эсептешүү эсебин ачууда салыктык каттоо фактысын өз алдынча текшере алышат.

Эми жарандарга банктагы эсептешүү эсебин ачуу үчүн зарыл болгон салыктык каттоосу тууралуу маалымкат алуу үчүн салык органдарына кайрылуунун кажети жок.

Ошондой эле 2024-жылдын 1-июнунан тартып кагаз жана электрондук түрдө эсептешүү эсебин ачуу үчүн каттоо фактысы жөнүндө маалымкаттарды берүү токтотулат.

Пикир

Оставить комментарий