• 87
  • 89.77
  • 0.79

Салык кызматы коомдук тамактануу жайларынын өкүлдөрүнүн арыздарына комментарий берди

Экономика 0

Бишкек, 03.02.22. /Кабар/. 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча коомдук тамактануу тармагында 3 миң субъект иштей турганы аныкталды. Бул туралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Нурлан Умтулов брифнгде билдирди.

Анын айтымында, алардын арасында жалпы салык режиминде, салык келишими боюнча иштеген, ошондой эле ыктыярдуу патент менен иштеген субъектилер да бар.

“Жаңы редакцияда коомдук тамактануу субъектилери үчүн тандоо калтырылды: алар киреше салыгы, сатуудан түшкөн салык, кошумча нарк салыгы каралган жалпы салык режиминде иштей алышат. Ыктыярдуу патенттин ишмердүүлүгү да күчүндө калды. Быйылкы жылдан тарта салык келишиминин ордуна бирдиктүү салык боюнча жөнөкөйлөштүрүлгөн салык системасы менен иштей алышат”, - деп түшүндүрдү Умтулов.

Ал бирдиктүү салыктын ставкасы 8% өлчөмүндө белгиленип, ал квартал ичинде түшкөн каражаттан алынарын белгиледи.

“28-январга чейин субъекттер салык режимдерин тандай алышат. 8% башка тармактарга салыштырмалуу бирдиктүү салыктын эң жогорку ставкасы. Бирок кодексти түзүүдө ведомстволор аралык топ түзүлүп, ага бизнестин өкүлдөрү да катышкан. Тилекке каршы, коомдук тамактануу жайлардын өкүлдөрү тарабынан мындай иш жүргүзүлгөн эмес. Башкача айтканда, Салык кодекси кабыл алынгандан кийин маселе көтөрүлүп жатат”, - деди ал.

Эскерте кетсек, Бишкекте өткөн брифингде Эл аралык ишкерлер кеңешинин башчысы Аскар Сыдыков коомдук тамактануучу жайларга карата салыктын ставкасын 8%дан 2%га чейин төмөндөтүүнү сунуштаган.

Пикир

Оставить комментарий