Салык кызматы кызыктыруучу акциянын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшырды

Коом 0

Бишкек, 24.06.24. /Кабар/. Бүгүн, 24-июнда Бишкекте Мамлекеттик салык кызматынын кассалык чектерди талап кылуу боюнча кызыктыруучу акциясынын жеңүүчүлөрүнө байгелерди тапшыруу аземи болуп өттү.

Иш-чарага акциянын уюштуруучулары, көз карандысыз комиссиянын мүчөлөрү жана жеңүүчүлөр катышты.

Буга чейин көз карандысыз байкоочу комиссия акциянын май айындагы этабынын 5 жеңүүчүсүн аныктаган. iPhone 14тү Алтынай Мамырова (@altynaimamyr), ал эми смартфондорду Айжамал Майрамбекова (@aizhamal_mairambekk), Жанара Алымбаева (@zhanara.alymbaeva), Айдай Жайнакова (@уastimdan) жана Элиза Оморова (@omorova2579) жеңип алышкан.

Эскерте кетсек, ай сайын өтүүчү акцияга катышуу үчүн катышуучулар контролдук-кассалык чектердин жарандардын жашоосундагы маанилүүлүгү тууралуу постту өздөрүнүн Facebook же Instagram баракчаларына жайгаштыруусу керек.

Акциянын шарттары тууралуу толук маалымат Салык кызматынын sti.gov.kg сайтында же соцтармактардагы расмий баракчаларында жеткиликтүү.

Салык кызматы жарандарды четте калбай, кызыктыруучу акцияга активдүү катышууга чакырат. Жеңүүчүлөрдү баалуу байгелер – iPhone 14 жана смартфондор күтөт.

Пикир

Оставить комментарий