• 85.5
  • 93.28
  • 0.89

Салык кызматы кызыктыруучу акциянын жеңүүчүлөрүнө белектерди тапшырды

Коом 0

Бишкек, 21.08.24. /Кабар/. Салык кызматы кызыктыруучу акциянын жеңүүчүлөрүнө белектерди тапшырды.

Салык органынын маалыматы боюнча, көз карандысыз комиссия бул ирет катышуучулардын постторун карап чыгып, акциянын акыркы этабынын жеңүүчүлөрүн аныктады.

Анда башкы байгеге iPhone 14 белекке берилди. Мындан сырткары, дагы төрт катышуучуга смартфондор тапшырылды. Акциянын талаптарына ылайык, катышуучулар өз баракчаларына кассалык чектердин мааниси жөнүндө видеолорду жана постторду жайгаштырышкан.

Мамлекеттик салык кызматы кассалык чектерди талап кылуу боюнча кызыктыруучу акциянын акыркы, үчүнчү этабы аяктагандыгын маалымдап, иш-чара жарандарга кассалык чектерди талап кылууга түрткү берүү жана салык сабаттуулугун жогорулатууга багытталгандыгын белгиледи.

Ошондой эле бардык жарандарды активдүү болууга жана ар бир товарларды сатып алууда, кызматтарды колдонууда контролдук-кассалык чектерди талап кылууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий