Салык кызматы лотереянын жеңүүчүлөрүн издөөдө: 46 адам байланышсыз болууда

Коом 0

Бишкек, 04.09.23. /Кабар/. Салык кызматы "Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясынын 46 жеңүүчүсүн издөөдө.

Ведомстводон билдиришкендей, алардын айрымдарынын телефондору өчүрүлгөн болсо, кээ бирлеринин номерлери "Салык чек" тиркемесинде каттоодо туура эмес көрсөтүлгөн. 1132 бактылуу адамдын 46сы жеткиликсиз бойдон калууда.

Белгиленгендей, эгер жеңүүчүлөр 1-ноябрга чейин байланышпаса, алардын утуштары жокко чыгарылып, байгелер утуштун кийиики этабына өтөт.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

iPhone 14:

  • Рашит уулу Темирлан;
  • Миржан Балыбаев;
  • Үмүткөр Токтогожоева;
  • Ферузахон Колмуратова;
  • Лира Кучукбаева;
  • Гүлзада Мамбеталиева;
  • Маматжусуп Разыков;
  • Мелисбек Токонов;
  • Ахматали Халбеков;
  • Алия Шамсутдинова;
  • Мээрим Истамова;
  • Руслан Мурсабеков;
  • Бүүжан Салиева;
  • Нургазы Тойчубеков;
  • Карим Юнусов.

Смартфон:

  • Акылбек уулу Үсөн;
  • Бактыгүл Базарбаева;
  • Эмил Закиров;
  • Бекнур Нарматов;
  • Айдарбек кызы Алтынай;
  • Эрнис Ибраев;
  • Динара Рысбекова;
  • Мадина Салиева;
  • Бегаалы Чикетаев;
  • Мырзайым Абдулкадырова;
  • Аида Акматалиева;
  • Асанбек кызы Нурзада;
  • Ырысбек Ашимов;
  • Нуризат Биймырзаева;
  • Зебинисо Камалова;
  • Жанарбек Мамыров;
  • Зухра Рахмонбердиева;
  • Жамиля Сагынбекова;
  • Нурдин Наралиев;
  • Мукай Раимканов;
  • Адинай Султангазиева;
  • Бакытбек Термечиков;
  • Андрей Балабанов.

Ноутбук:

  • Бекжан Турумкулов;
  • Супибек кызы Сабина;
  • Турдугул уулу Эрмек;
  • Аскар Алымкулов;
  • Давлатгүл Ибраева;
  • Айсулуу Расулова;
  • Аида Жуматаева;
  • Мопохон Раимова.

Салык кызматы жогоруда аталган жеңүүчүлөрдү лотерея уюштуруучулары менен төмөнкү номерлер аркылуу байланышууга чакырат:

  • (0500)48-79-62;
  • (0990)09-20-42;
  • (0221)80-44-86.

Эскерте кетсек, 25-30-декабрь күндөрү лотереянын экинчи этабы өтөт, анын алкагында Бишкекте 10 батир, 11 электромобиль, чет өлкөгө 4 жолдомо, 521 iPhone14, 519 смартфон, 158 ноутбук жана Дайсон маркасындагы 21 фен ойнотулат.

Пикир

Оставить комментарий