Салык кызматы отчетторду автоматтык түрдө түзүү боюнча онлайн сервисти ишке киргизди

Коом 0

Бишкек, 05.07.24. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы "Салык төлөөчүнүн кабинети" аркылуу бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн режими боюнча отчетторду автоматтык түрдө түзүү үчүн электрондук сервисти ишке киргизди.

Жаңы кызмат ишкерлер үчүн бирдиктүү салык боюнча отчетторду даярдоону жана тапшырууну кыйла жөнөкөйлөтөт, анткени бардык процесс аралыктан жана автоматтык түрдө онлайн режиминде жүргүзүлөт.

Отчеттор "Электрондук эсеп-фактура" жана "Контролдук-кассалык машина" маалыматтык системаларынан салык төлөөчүнүн маалыматтарын пайдалануу менен белгилүү бир салыктык мезгил үчүн түзүлөт.

Сервисти колдонуу үчүн салык төлөөчүнүн кабинетиндеги "Е-отчеттор" бөлүмүнөн "Макулдашууну" түзүү керек. Документти түзүүдө отчеттун түрүн, иштин түрүн жана аймактык салык органын көрсөтүү керек.

Макулдашуу түзүлгөндөн кийин, кийинки отчеттук мезгилден (айдан же чейректен) баштап отчет автоматтык түрдө айдын 18 жана 19-күндөрүндө түзүлөт жана "Электрондук отчеттордун журналы" бөлүмүндө жеткиликтүү болот. Ишкер даяр отчетту текшерип, салык органына жөнөтө алат.

Мындан тышкары, туура эмес маалыматтар табылганда өзгөртүүлөрдү киргизүү жана отчетту кол менен толтуруу мүмкүнчүлүгү каралган.

Ошондой эле, колдонуучулар жөнөтүлгөн отчеттогу каталарды оңдоо үчүн такталган форманы тапшыра алышат.

Белгилей кетсек, бул сервис салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн режиминде иштеген чакан жана орто ишкердик субъекттери үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн иштелип чыккан. Ал убакытты, ресурстарды жана эмгекти олуттуу үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.

Пикир

Оставить комментарий