• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Салык кызматы сатуу салыгы боюнча отчеттун жөнөкөйлөтүлгөн жаңы формаларын ишке киргизди

Экономика 0

Бишкек, 07.08.24. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы cabinet.salyk.kg сайтындагы Салык төлөөчүнүн кабинетине сатуу салыгы боюнча отчеттун формасынын жөнөкөйлөтүлгөн версиясын ишке киргизди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, жүргүзүлгөн тестирлөөдөн жана иштеп чыгуулардан кийин жаңыланган формалар эми салык төлөөчүлөргө "Е-отчеттор" модулунун "Отчетторду берүү" бөлүмүндө жеткиликтүү.

Жаңы формалар 2024-жылдын 1-июлунан баштап отчеттук мезгил үчүн жарактуу болот.

Эскерте кетсек, буга чейин Салык кызматы салык төлөөчүлөрдүн отчетту салык органдарына тапшыруусун жеңилдетүү үчүн сатуудан алынуучу салык боюнча отчеттун формаларын жөнөкөйлөштүргөн.

Негизги өзгөрүүлөргө төмөнкүлөр кирет:

– сатуудан алынуучу салык боюнча отчеттун формаларынын саны экиге чейин кыскарды: чакан жана ири ишкердик үчүн FORM STI-129 жана орто ишкердик үчүн FORM STI-130 формалары жеткиликтүү;

– ачылуучу тизмеден керектүү ставканы тандоодо салыктын суммасын автоматтык түрдө эсептөө функциясы киргизилди;

– кызматты ыңгайлуу колдонуу үчүн формалардын түзүмү оптималдаштырылды. Колдонуучуларга киреше, ставка жана салыктын суммасы сыяктуу үч активдүү уяча жеткиликтүү;

– мурда кошумча маалыматтарды киргизүү үчүн талап кылынган орточо ишкердик үчүн отчеттун формасынан тиркеме алынып салынды.

Сатуу салыгы боюнча отчетту толтуруу тартиби жөнүндө толук маалыматты sti.gov.kg сайтындагы "Отчеттун формалары" бөлүмүнөн алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий