• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Салык кызматы: Транспорт, турак жай жана жер салыгын төлөөгө жетишиңиз

Экономика 0

Бишкек, 27.08.24. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы транспорт каражаттарына, турак жайларга, батирлерге жана үй жанындагы жер участокторго салык төлөө мөөнөтү жакынкы күндөрдө бүтөөрүн эскертет.

Салык кызматы транспорт каражаттарынын, турак жай мүлкүнүн жана жер участокторунун ээлерин төлөмдөрдү кечиктирбөөгө жана калган убакытты пайдаланууга чакырат.

Белгилей кетсек, салык төлөөчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн салык органдарынын кызматкерлери 2024-жылдын 29-30-августунда саат 21:00гө чейин, ал эми 31-августта саат 18:00гө чейин иштешет. Алар мүлк салыгын төлөө боюнча консультацияларды беришет.

1-сентябрга чейин төмөнкү салыктарды төлөө керек:

– транспорт каражатына салык;
– турак жай, батирге салык (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган);
– үй жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарба жер участокторуна салык.

Салыкты өз убагында төлөбөгөн жеке жактар үчүн 1000 сом жана юридикалык жактар үчүн 5 миң сом өлчөмүндөгү айып пул каралган. Мындан сырткары, кечиктирилген ар бир күн үчүн карыздын суммасына 0,09% өлчөмүндөгү туум кошулат.

Мүлк салыгын мобилдик жана интернет-банкинг, төлөм терминалдары, банктардын кассаларынан жана почта бөлүмдөрү аркылуу онлайн режиминде төлөөгө болот.

Кошумча маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номеринен же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий