• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Салык кызматы Ысык-Көлдүн бизнесине салыктык башкаруудагы жаңы киргизүүлөр тууралуу түшүндүрмө берди

Аймак 0

Бишкек, 10.05.21. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы Ысык-Көл облусунда салыктык башкаруудагы жаңы киргизүүлөр тууралуу тегерек стол өткөрдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Облустун бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү катышкан иш чаралардын жүрүшүндө Салык кызматынын адистери чекене сатуудан алынган салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн жаңы системасы жана киреше салыгы, камсыздандыруу төгүмдөрү жана эмгек мамилелери боюнча жаңы бириктирилген отчетту толтуруу тартиби жөнүндө айтып беришти.

Отчеттун жаңы формаларын толтуруу тартиби боюнча онлайн-презентациядан кийин семинардын катышуучуларына "СМАРТ Салым" салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун киргизилген жана киргизилип жаткан долбоорлору жөнүндө маалымат берилди.

Атап айтканда, бул долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында салык төлөөчүлөр (чакан жана орто бизнес субъекттеринен жана коммерциялык эмес уюмдардан тышкары) 2021-жылдын апрелинен тартып киреше салыгы, камсыздандыруу төгүмдөрү жана эмгек мамилелери боюнча бириктирилген отчет тапшырууга өтүштү.

Бириктирилген форма салык органына, Соцфондго жана Улуттук статистика комитетине берилүүчү отчеттордун 5 түрүн алмаштырат. Эми бир отчет бир мамлекеттик органга – салык кызматына электрондук формада гана берилет.

Жолугушуунун жүрүшүндө салыкчылар дагы бир жаңылык тууралуу айтып беришти, ага ылайык 2021-жылдын апрелинен тартып жеке ишкерлер чекене сатуудан алынуучу салыктын негизинде - салык салуунун жаңы жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча иштей алышат.

Салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы менен иштөө үчүн жеке ишкерлер 2020-жылдын 24-июнунда бекитилген жаңы техникалык талаптарга ылайык келген ККМ-онлайнды сөзсүз түрдө колдонууга тийиш. Ошондой эле, субъект КНС төлөөчүсү болбоого же соңку 12 айдын ичинде кирешесинин көлөмү КНС боюнча каттоо чегинин өлчөмүнөн (8 млн сом) ашпоого тийиш.

Жаңы салык режимин колдонуунун биринчи жылында "нөлдүк" ставка, экинчи жылы – 1%, үчүнчү жылы – 2%, төртүнчү жылдан тартып – 3% накталай формада төлөө белгиленди. Накталай эмес формада төлөөдө салыктын ставкасы 50 %га азайтылат.

Салыктык милдеттенмени ай сайын эсептөө салык төлөөчүнүн ККМ-онлайнынан алынган Салык кызматынын маалыматтык системасынын маалыматтарынын негизинде салык органы тарабынан жүргүзүлөт.

Бул салык режиминин артыкчылыктары – режимге ишмердиктин каалаган мезгилинде ыктыярдуу өтүү тартиби, салык отчетун (салык декларациясынан тышкары) тапшыруу зарылдыгынын жоктугу, ошондой эле бухгалтердик эсеп жүргүзүү зарылдыгынын жоктугу жана ККМ-онлайндан алынган маалыматтар боюнча салыктык милдеттенме автоматтык түрдө түзүлгөндүгүнө байланыштуу мобилдүү тиркемелер аркылуу салыкты оңой төлөө мүмкүндүгү.

Чекене сатуудан алынуучу салыктын негизинде иштөөгө ниеттенген салык төлөөчү салыктык катталган жери боюнча салык органына арыз берүүгө милдеттүү.

Пикир

Оставить комментарий