• 85.8
  • 93.14
  • 0.88

Жеке ишкердикти кантип токтотуу керек? Салык кызматынын жообу

Экономика 0

Бишкек, 30.10.24. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы жеке ишкердикти өз убагында токтотуу зарылдыгын эскертет.

Ведомстводон билдиришкендей, бул үчүн DOC STI-164 формасы боюнча жеке ишкердикти жабуу себебин көрсөтүү менен катталган жери боюнча салык органына ишкердикти токтотуу жөнүндө арыз берүү керек.

Арызга төмөнкү документтер тиркелиши керек:

– өздүгүн тастыктаган документ жана анын көчүрмөсү;

– салык төлөөчүнүн каттоо картасынын дубликаты;

– салык төлөөчү жөнүндө каттоо маалыматтары;

– салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча жоюу отчеттору, Бирдиктүү салык декларациясы;

– эгер текшерүү эсептери ачылган болсо, аларды жабуу боюнча банктан маалымкат;

– жеке ишкердин мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүк.

Эгерде ишкер контролдук-кассалык машинаны колдонсо, анда ККМди техникалык тейлөө борборунан маалымкат алышы керек.

Документтер берилгенден кийин, салык органы арызды каттайт жана салыктар, камсыздандыруу төгүмдөрү жана башка төлөмдөр боюнча карыздарын текшерүү үчүн пландан тышкаркы текшерүү жүргүзөт. Карызы бар болсо, аны жеке ишкердикти жабуу жол-жобосу аяктаганга чейин төлөө керек.

Арыз берүүдөн мурун жеке ишкер катары каттоо жокко чыгарылгандыгын, салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы жок экендигин текшерүү маанилүү.

Процесс аяктагандан кийин салык органы ишмердикти токтотуунун себебин жана датасын көрсөтүү менен каттоону жокко чыгаруу жөнүндө белгиси бар каттоо картасынын нускасын берет.

Эгерде жеке ишкер патент боюнча иштеген болсо, анда жабуу жол-жобосу жеңилирээк болот: DOC STI-164 формасы боюнча арыз жазып, өздүк күбөлүктү көрсөтүү жетиштүү. Бул учурда пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүлбөйт.

Эскерте кетсек, ишкердикти токтотуу жол-жобосу аяктаганга чейин салык төлөөчү жаңы жеке ишкердикти каттай албайт.

Мындан сырткары, салыктар жана төгүмдөр боюнча отчетторду бербегендиги үчүн, бул ишкердик жүргүзүлбөсө дагы, айып пул салынат.

Пикир

Оставить комментарий