• 87
  • 90.41
  • 0.84

Салык кызматынын кызыктыруучу акциясынын акыркы этабы аяктады

Коом 0

Бишкек, 02.08.24. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын кассалык чектерди талап кылуу боюнча кызыктыруучу акциясынын акыркы этабы аяктады.

Ведомстводон билдиришкендей, жакынкы арада көз карандысыз комиссия акциянын июль айынын акыркы этабынын жыйынтыгын чыгарып, iPhone 14түн жана төрт смартфондун ээлерин аныктайт.

Эскерте кетсек, акцияга катышуу үчүн контролдук-кассалык чектердин жарандардын жашоосундагы мааниси тууралуу фото же видеороликтерди Instagram же Facebook жеке баракчаларына жайгаштыруу керек болгон.

Салык кызматы бардык жарандарды активдүү болууга жана бардык товарларды жана кызматтарды сатып алууда контролдук-кассалык чектерди талап кылууга чакырат.

Сиз талап кылган ар бир кассалык чек — бул мамлекеттин өнүгүшүнө көзгө көрүнбөгөн, бирок сезилээрлик салым.

Пикир

Оставить комментарий