• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Салык кызматынын кызыктыруучу акциясынын II этабынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Коом 0

Бишкек, 12.07.24. /Кабар/. Көз карандысыз комиссия кассалык чектерди талап кылуу боюнча кызыктыруучу акциянын экинчи этабынын жыйынтыктарын чыгарууну аяктады. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Ошентип, ал акциянын июнь айынын этабындагы беш жеңүүчүнү аныктады.

Баш байге IPhone 14түн жеңүүчүсү – Айзирек Асанова (@ayzi1997).

Смартфондун жеңүүчүлөрү:

– Динаркуль Сатарова (@satarova_din);
– Фаина Кубатбекова (@janymgo2024);
– Элимбек Корпобаев (@elimbekkorpobaev);
– Акылай Эркимбаева (@akush_blb).

Эскерте кетсек, ай сайын өтүүчү акцияга катышуу үчүн катышуучулар жеке баракчаларына контролдук-кассалык чектердин маанилүүлүгү тууралуу видеороликтерди же постторду жайгаштыруусу керек.

Акциянын шарттары жана эрежелери тууралуу толук маалымат Салык кызматынын Facebook жана Instagram баракчаларында жеткиликтүү.

iPhone же смартфон утуп алуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз!

Пикир

Оставить комментарий