• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Салык кызматынын лотереясынын утуштары өткөрүлгөн күндөрү ID-номерлерди ыйгаруу токтотулат

Экономика 0

Бишкек, 23.12.23./Кабар/. "Чек талап кылып, байге утуп!" лотереясынын шарттарына ылайык, утуштар өткөрүлгөн күндөрү ID-номерлерди ыйгаруу убактылуу токтотулат.

Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, ID-номерлер 25-декабрдан 29-декабрга чейин берилбейт.

Бирок, лотереянын катышуучулары 30-декабрда башкы байгелерди утуп алуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу үчүн кассалык чектерди сканерлей алышат.

25-декабрдан 29-декабрга чейин сканерленген кассалык чектерге ID-номерлер 30-декабрга караган түнү ыйгарылат.

Эскерте кетсек, 25-29-декабрда лотереяда 521 iPhone 14, 519 смартфон, 158 ноутбук жана 21 Dyson фени ойнотулат. Утуштар күн сайын Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларында саат 13:00дө түз эфирде көрсөтүлөт.

Ал эми 30-декабрда – 10 батир, 11 электромобиль жана чет өлкөгө 4 жолдомо ойнотулат. Утуштар УТРК жана Ала-Тоо24 каналдарында, ошондой эле Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларында түз эфирде өтөт. Башталышы 15:00дө.

Бүгүнкү күндө лотереяга 400 миңден ашуун жаран катышууда.

Пикир

Оставить комментарий