• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Салык кызматынын төрагасынын орун басарлары дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 27.04.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басарлары дайындалды. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын премьер-министринин 2021-жылдын 26-апрелиндеги буйругу менен Салык кызматынын төрагасынын орун басарлары болуп Айдай Карагулова, Замирбек Мамытов жана Искендер Асылкулов дайындалды.

27-апрелде дайындалган орун басарлар Салык кызматынын жамаатына тааныштырылды.

Алар мурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары кызматын аркалап келишкен.

Пикир

Оставить комментарий