Салык кызматынын төрагасынын орун басары коррупция фактысы боюнча кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.06.24. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары коррупция фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан коррупция боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Дүйнөлүк банктын “Салыктык башкарууну жана статистикалык системаны модернизациялоо” долбоорунун алкагында сатып алуулардагы коррупциялык фактылар боюнча Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Д.А.С кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, “Салыктык башкарууну жана статистикалык системаны модернизациялоо” долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүндө КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кызмат адамдары жана башка кызыкдар жактар тарабынан 4 миллион 878 миң 894 АКШ доллары суммасында товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуулар жүргүзүлүп, анда компьютердик техниканын, тармактык жабдуулардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн айрым позицияларынын наркы жүздөгөн эсеге жогорулаган.

Маселен, 421 АКШ долларына (37 миң сомго) туташтыргычтары бар кадимки электр узарткыч (удлинитель) сатылып алынган. Баасы 20 сомдон ашпаган туташтыргыч (коннектор) 11 долларга (960 сом) сатылып алынган. Ошондой эле 207 АКШ долларына (18 миң сомго) болжол менен 3500 сомдук кеңсе отургучу алынган.

Алсак, Финансы министрлигинин Ички аудит кызматы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мамлекетке 1 млн 267 миң 668 АКШ доллары (110 млн сомдон ашык) өлчөмүндө ашыкча баалоо түрүндөгү зыян аныкталган.

Белгилей кетсек, эл аралык донорлор тарабынан республикада өнөр жайларды өнүктүрүүгө бөлүнгөн каражаттар мамлекеттик кызматкерлер тарабынан көптөн бери уурдалып, долбоорлор талаптагыдай ишке ашпай келген.

Мындай жагдай мамлекеттик бюджеттен төлөнүүчү Кыргызстандын тышкы карызынын өлчөмүнүн негизсиз көбөйүшүнө алып келет жана өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө орду толгус зыян келтирет.

Учурда УКМК тарабынан аталган коррупциялык схемага тиешеси бар башка кызмат адамдарын жана кызыкдар тараптарды аныктоого багытталган тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий