• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Салык кызматынын жаңы кызматкерлери окутуудан өтүп жатышат

Коом 0

Бишкек, 01.03.24. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы өз кызматкерлеринин кесиптик компетенциясын жогорулатууну улантууда. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкө боюнча салыктык башкаруунун жана салык төлөөчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жакшыртуу максатында салык кызматынын жаңы кабыл алынган кызматкерлери үчүн квалификацияны жогорулатуу боюнча окутуу курстары өткөрүлдү. Окутуу онлайн жана оффлайн форматында жүргүзүлдү.

Окутуу программасына салык системасынын жана контролдоонун негизги аспектилери, салыктардын түрлөрү жана алардын өзгөчөлүктөрү, контролдук-кассалык машиналарды колдонуу, бирдиктүү салык декларациясын толтуруу жана тапшыруу тартиби, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу, ошондой эле мамлекеттик кызматчылардын этикасы жана коррупцияга каршы саясаттын негиздери кирди.

Окутуунун жыйынтыгы боюнча катышуучулар салык мыйзамдары жаатында жаңы теориялык билимдерге ээ болушту жана маалыматтык системалар менен иштөөдө өздөрүнүн практикалык көндүмдөрүн толукташты

Салык кызматкерлеринин квалификациясын туруктуу негизде жогорулатуу - салык мыйзамдарындагы ар кандай өзгөрүүлөр тууралуу салык төлөөчүлөрдү өз убагында маалымат менен камсыз кылып, алардын санариптик сервистерди колдонуусуна, ошондой эле салык милдеттенмелерин сактоосуна көмөктөшүүгө жардам берет.

Пикир

Оставить комментарий