• 87
  • 90.63
  • 0.79

Салыкчылар студенттерге Кыргызстандын салык системасы тууралуу айтып беришти

Коом 0

Бишкек, 03.12.24. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы Бишкек шаарынын Ишкерлерди тейлөө борборунда студенттер үчүн ачык эшиктер күнүн өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Кыргыз улуттук агрардык университетинин жана Бишкектеги ЕККУ академиясынын 50дөн ашык студенттери Ишкерлерди тейлөө борборунда мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү процесстери менен таанышышты.

Анда Салык кызматынын кызматкерлери студенттерге салыктардын түрлөрү, ишкерлерди каттоонун жол-жоболору, ошондой эле салык декларацияларын тапшыруу жөнүндө кеңири түшүндүрүштү. Салык жеңилдиктерине жана аларды колдонуу механизмдерине өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле студенттерге электрондук салык сервистеринин системасы кандай иштей тургандыгы, консультацияларды кантип тез жана ыңгайлуу алууга боло тургандыгы, ошондой эле салыктык көзөмөлдөөнүн ар кандай этаптары жана салык органдары менен өз ара аракеттенүү кандай өтөөрү көрсөтүлдү.

Ачык эшиктер күнүн уюштуруу студенттерге салык системасы жөнүндө теориялык маалыматтарды гана албастан, салык салуу чөйрөсүндө мамлекеттик органдар кандай иштеп жатканын иш жүзүндө көрүүгө мүмкүнчүлүк берди.

Мындай иш-чаралар финансылык сабаттуулукту жогорулатууда жана Кыргызстандын азыркы экономикасынын шарттарында натыйжалуу иштей ала турган квалификациялуу адистерди даярдоодо чечүүчү ролду ойнойт.

Пикир

Оставить комментарий