• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Салыкчылар жергиликтүү салыктарды башкаруу боюнча окуудан өтүштү

Коом 0

Бишкек, 23.07.24. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы аймактык салык органдарынын кызматкерлери үчүн жергиликтүү салыктарды жана салыктык эмес төлөмдөрдү администрациялоо боюнча көчмө семинарларды өткөрдү.

Ведомстводон билдиришкендей, окутуу иш-чараларынын жүрүшүндө 200дөн ашык инспектор квалификациясын жогорулатты.

Салык кызматынын адистери семинардын катышуучуларын КРнын салык мыйзамдарына жана салыктык эмес төлөмдөр боюнча мыйзамдарга киргизилген акыркы өзгөртүүлөр менен тааныштырышты.

Окутуунун жыйынтыгында кызматкерлер программалык модулдар менен иштөө боюнча өздөрүнүн практикалык көндүмдөрүн жакшыртышты, туура чечимдерди кабыл алуу үчүн мүмкүн болгон жагдайлар менен таанышышты жана аларды кызыктырган суроолорго жоопторду алышты.

Функционалдык багыттар боюнча семинарларды өткөрүү салыктык текшерүүлөрдүн жана жергиликтүү салыктарды контролдоонун сапатын жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзөт. Бул иш-чаралардан алынган жаңы билимдер жана көндүмдөр Салык кызматынын кызматкерлерине мыйзам бузууларды натыйжалуу аныктоого жана бардык деңгээлдеги салык мыйзамдарын аткарууга жардам берет.

Билимдерди жана көндүмдөрдү үзгүлтүксүз жаңылап туруу ошондой эле салык кызматы менен бизнес-коомчулуктун ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жакшыртат, инвестициялык активдүүлүккө түрткү берет жана экономикалык өсүштү колдойт.

Пикир

Оставить комментарий