• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

 Салыктагы көрсөткүч. 10 айдын ичинде 168 млрд сомдон ашык салык чогултулган

Экономика 0


Бишкек, 07.12.23. /Кабар/. 2023-жылдын ноябрында эле 20 млрд сомдон ашык салык чогултулду. Бул 2015-жылга чейин бир жыл чогултулган салыктын көрсөткүчүнө барабар. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Нурлан Умтулов “Кабар” маалымат агенттигине курган маегинде билдирди.

Ал эми үстүбүздөгү жылдын 10 айында 168 млрд сомдон ашык салык жыйналды.

“Бул фискалдаштыруу долбоорунун жыйынтыгы. Ошондой эле, “салык чек” лотереясы аркылуу жарандардын жардамы менен болуп жатат. Алар дагы чекти талап кылып сурап жатышат. Себеп дегенде ар бир чектин артында салык бар. Мунун арты менен салыктын көлөмү көбөйөт”, - дейт Нурлан Умтулов.

Пикир

Оставить комментарий