Самаркандда ТМУ өлкөлөрүнүн соода жана экономика министрлеринин жолугушуусу өттү

Экономика 0

Бишкек, 09.11.22. /Кабар/. Бүгүн, 9-ноябрда Өзбекстандын Самарканд шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн соода-экономика боюнча министрлеринин жолугушуусу өттү. Бул тууралуу КР Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, отурум мамлекет башчыларынын Саммитинин алдында уюштурулган. Отурум Өзбекстандын премьер-министринин орун басары – инвестициялар жана тышкы соода министри Жамшид Ходжаевдин төрагалыгы астында өтүп, ага Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Багдад Амреев, Азербайжандын экономика министринин орун басары Самад Баширли, Казакстандын улуттук экономика министринин орун басары Абзал Абдикаримов, Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, Түркиянын соода министри Мехмет Муш жана Венгриянын тышкы иштер жана соода министрлигинин коопсуздук саясаты жана энергетикалык коопсуздук боюнча мамлекеттик катчысы Петр Штарай катышты.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар көп тараптуу өнөктөштүктү бекемдөө боюнча мындан аркы чараларды көрүүнү макулдашты. Тараптар 500 млн доллар капиталы менен Түрк инвестициялык фондун түзүүдөгү жылыштарды белгилешти. Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө бир катар долбоордук документтер талкууланып, биргелешкен коммюнике кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий