• 86.8
  • 91.22
  • 0.82

Самбо боюнча дүйнө чемпионаты: Өлкө куржунунда 3 коло медаль бар

Спорт 0

Бишкек, 09.11.24. /Кабар/. Астана шаарында өтүп жаткан самбо боюнча дүйнө чемпионатынын биринчи күнүндө Кыргызстандын курама командасы жалпы 3 коло медалга ээ болду.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей,
эркектер арасында күжүрмөн самбо боюнча Саяк Бараканов (64 кг) жана Бектен Эркебай уулу (88 кг) 3-орунду ээледи.

Кыз-келиндер арасында спорттук самбодо 50 кг чейинки салмакта Канышай Аманкулова коло медаль тагынды.

Эске салсак, 8-ноябрь күнү башталган мелдеш 10-ноябрда жыйынтыкталат.

Курама команда башкы машыктыруучу Азамат Казакбаев жана машыктыруучу Ильгиз Каналбек уулунун жетекчилиги алдында мелдешке катышууда.

Пикир

Оставить комментарий