• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Самбо боюнча өлкө чемпионаты жыйынтыкталды

Спорт 0

Бишкек, 28.02.24. /Кабар/. 23-25-февраль күндөрү Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда спорттук жана күжүрмөн самбо боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасында Кыргызстандын чемпионаты өттү.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышты. Жеңүүчүлөргө диплом жана медалдар тапшырылды

Катышуучулар төмөнкү салмак категорияларында күч сынашты:

Спорттук жана күжүрмөн самбо (кыз-келиндер арасында): 50, 54, 59, 65, 72, 80, +80 кг;

Спорттук жана күжүрмөн самбо самбо (эркектер арасында): 58, 64, 71,79, 88, 98, +98 кг.

Эскерте кетсек, самбо боюнча республикалык чемпионат Дене тарбия жана спорт департаментине караштуу Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекция жана КР Самбо федерациясы тарабынан уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий