• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Самбо боюнча жаштар арасында Кыргызстандын биринчилиги өтүүдө

Спорт 0

Бишкек, 19.04.24./Кабар/. Бишкекте күн мурун спорттук жана күжүрмөн самбо боюнча Кыргызстандын биринчилиги старт алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет.

Мелдеш Раатбек Санатбаев атындагы Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинде өтүүдө. Ага республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышууда.

Катышуучулар төмөнкү салмакта күч сынашууда:

  • Спорттук самбо (балдар): 46, 49, 53, 58, 64, 71, 79, 88, +88 кг;
  • Күжүрмөн самбо: 58, 64, 71, 79, 88, 98, +98 кг;
  • Спорттук самбо (кыздар): 41, 44, 47, 50, 54, 59, 65, 72, +72 кг.

Белгилей кетсек, аталган мелдеш Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы жана самбо федерациясы тарабынан уюштурулууда.

Мелдештер 20-апрелде жыйынтыкталат.

Пикир

Оставить комментарий