• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Сamel Fest: Сауд Арабиянын чөлүндө кыргыз сүрөтчүлөрү кумдан айкелдерди жасашты

Маданият 0

Бишкек, 04.03.19. /Салтанат Абдраева – Кабар/. Сауд Арабиясынын аймагында өтө турган Сamel Fest фестивалынын алкагында Кыргызстан этношаарчасында кумдан жасалган айкелдердин шаарчасы пайда болот. Бул тууралуу Этно оюндардын бүткүл дүйнөлүк конфередерациясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган шаарчаны түзүүдө 30дан ашык кыргыз скульпторлор жана сүрөтчүлөр катышты.

“Бул айкелдерди жасоо менен биз көчмөндөрдүн цивилизациясын көрсөтүүнү чечтик. Айкел шаарчасынын уникалдуулугу – мындай кум айкелдер биринчи ирет жасалып жана ар бири биздин маданиятыбызды көрсөтүп жаткандыгында. Төөнүн, бүркүттүн, жылкынын, кабыландын айкелдери жасалган. Алардын баардыгы көчмөн калктын маданиятынын чоң бир бөлүгү болуп саналат”, - деп белгиледи топтун жетекчиси, сүрөтчү Алижан Амантаев.

Андан тышкары бул шаарчада чыгыш жомокторун визуалдаштырган айкелдер да жасалган. Ошондой эле фестивалдын эмблемасы да жасалды.

Аталган скульптураларды жасоого 500 тонна баткак жана 30 тонна кум кеткен. Алардын бийиктиги 4 метр, узундугу 7,5 метр жана туурасы 1,5 метрге чейин жетет.

Эске сала кетсек, 2019-жылдын 9-марттан 23-мартка чейин Сауд Арабияда “Camel Fest” эл аралык этнофестивал өтөт. 2 миңге жакын кыргызстандык "Көчмөндөр ааламы" деп аталган этнофестиваль менен Camel Fest фестивалына катышат.

Пикир

Оставить комментарий