• 88.68
  • 95
  • 0.95

Санариптик берүүгө өтүү боюнча ар бир райондо ыкчам штаб жана мобилдүү көчмө топтор түзүлдү

Өкмөт 0

Бишкек, 15-май /Кабар/. Санариптик берүүгө өтүүгө байланышкан маселелерди ыкчам чечүү максатында республикадагы ар бир райондо оперативдүү штаб жана мобилдүү көчмө топтор түзүлдү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын маданият маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова маалымат жыйында билдирди.

«Бүгүн 15-майда түнкү саат 2де Кыргыз Республикасынын бардык аймагында аналогдук телеберүүгө кошулган 240 передатчик өчүрүлүп, санариптик телерадиоберүүгө өткөрүлдү. Аналогдук берүүлөр азыркы тапта санариптик берүүнү көрүүгө мүмкүнчүлүгү жок болгон 326 айылдык пунккта өчүрүлгөн жок. Санариптик автоматтык телекөрсөтүү ретрансляторлорунун орнотуу аркылуу, этабы менен бул айылдардын жашоочулары санариптик телеберүүгө кошулат. 2017-жылдын Август айынын аягына чейин 227 айылды санариптик берүү менен камсыздай турган 211 ретранслаяторлор орнотулат. Калган 99 айыл индивидуалдык спутникалык антенналарды орнотуу аркылуу санариптик берүүгө кошула алат», – деди ал.

Маданият маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова оперативдүү штабдын негизги милдети жергиликтүү тургундардын кайрылууларына убагында жооп берүү, ресиверлерди кошууда жана санариптик берүүгө өтүүдө жаралган маселелерди жеринен чечүү болуп саналарын билдирди.

«Бардык суроолор боюнча «1212» ыкчам байланыш кызматы ишин улантат. Бул боюнча бардык мобилдүү операторлордон чалуулар бекер жүргүзүлөт. «1212» ыкчам байланышына келген бардык суроолорго жооптор оперативдүү түрдө www.sanarip.kg. сайтына жайгаштырылат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү берген акыркы маалыматтарга ылайык, бүгүнкү күндө 88% үйлөр санариптик берүүгө кошулушту. Аны менен бирге аз сандагы айрым кожолуктар кабелдик, спутникалык жана интернет телевидение колдонууда», – деди маданият маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова.

Пикир

Оставить комментарий