"Санариптик Кыргызстан" – өнүккөн өлкө

Коом 0

Өткөн жылдын 14-декабрында Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдө санариптик платформаларды түзүү жана Кыргызстандын баардык аймактарын санариптештирүү программасы приоритеттүү тапшырмалардын бири экендигин баса белгилеген. Президент “Санариптешкен Кыргызстан – 2019-2023” улуттук программасын ишке ашыруу процессин тездетип, айтылган мөөнөттө алгылыктуу натыйжалар керектигин айткан. Мындан тышкары, өлкө башчы санариптик трансформациялоо процесси жайлап калганын эске салып, анда бир катар министрликтер жумушту канааттандыраарлык жүргүзбөй жатканын билдирген.

Тагыраак айтканда, Транспорт жана жол министрлигинде, Саламаттыкты сактоо министрлигинде, Мамлекеттик каттоо кызматынында, Улуттук энергохолдингде санариптештирүү боюнча иштерди кечеңдетип жатышканы белгиленген.

“Биз талкуулап жаткан “Санариптик Кыргызстан” концепциясы мамлекет жүргүзө турган саясаттын негизги багыттары менен гана чектелбейт. Ал жарандык жана бизнес коомчулугунун өкүлдөрү берген сунуштарды да камтып турганын айта кетейин. Эми төмөнкү маселелерди кечиктирбей чечүү — өзгөчө мааниге ээ экенин белгилейм. Биздин коом санариптешүүнүн ийгилигин толук сезиш үчүн мамлекетте азыртадан бекем пайдубал түптөлүшү керек”, - деп билдирген Жээнбеков.

Мындан тышкары С.Жээнбеков, коррупция менен бюррократиялык түзүмдөрдү жок кылууда, дал ушул санариптик технологиялардын ролу абдан чоң болоорун айткан. Негизинен санариптик трансформация Кыргызстанга көптөгөн пайда алып келүүсү талашсыз. Өңчөй глобалдашуу жана электрондук “online” доору өкүм сүрүп турганда, Кыргызстан мындай инновациялык жабдуулардан, электрондук улам жаңылануу процестеринен артта калбашы зарыл. Азыркы өнүккөн дүйнөнүн, кайсыл тармакта болбосун,саясаты жана шарттуу стандарттары дал ушундай. Ал эми “Санариптик Кыргызстан” долбоору өзүнүн алгачкы кадамдарын жазап, акырындан ишке ашууда.

Президенттин кеңешчиси Дастан Догоевдин айтымында, бүгүнкү күндө долбоор үстүндө өзүнчө жумушчу топ түзүлүп, иш алып барып жатат. “Азыркы убакытта “Санариптик Кыргызстан” долбоорун ишке ашыруу боюнча 5 жылдык жол карта түзүлүп, өкмөткө тапшырылган. Өзүнчө тажрыйбалуу адистерден топ түзүлгөн.

“Санариптик Кыргызстан” долбоорунун артыкчылыгын мисал катары айта кетсем, жакында практика жүзүндө ишин баштаган “Коопсуз шаар” долбоору. Жалпылап айтканда санариптештирүү - бул комплекстүү жана мамлекетибиздин баардык жашоо шартын камтып, бирдиктүү электрондук база жана кызмат көрсөтүүгө багытталган. Ошондуктан бул долбоор улуттук деп аталууда. Айтылган мөөнөттүн ичинде, долбоорду толук ашырууга аракет кылабыз”, - деди Д.Догоев.

“Жогоруда айтылгандай “Санариптик Кыргызстан“ долбоорунун эң маанилүү жагы – бул мамлекеттин бүткүл тармактарын камтыган жана көптөн бери көйгөйлүү болуп ишке ашпай келген реформаларды тездетүүсү.

Дастан Догоев мырзанын айтымында, бүгүнкү күндө Санариптик технологиялар көптөгөн мамлекеттик кызматтар тармагында колдонулушу пландалууда.

“Жалыпсынан 189 мамлекеттик кызмат санариптик технологияларга өтүшү керек. Бул мамлекеттик кызматтарды оптимизациялоого жана автоматташтыроого жол түзөт. Натыйжада коррупциялык механизмдер, бююрократиялык же болбосо кызмат абалынан кыянаттык кылуу ыкмалары жокко чыгарылат. Азыркы күндө сот адилеттиги жана укук тартиби, жарандар жана бизнес үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр, банк иштери, санариптик экономика жана дагы башка тармактардын баарын санариптештирүү тапшырмалары турат. Президентибиз Сооронбай Жээнбеков азыркы учурда эң негизги талап катары – коррупция менен күрөшүү жана ар кандай элдин кыжырына тийген бюррократиялык жолдорду жок кылууну коюп жатат. Мына ушул “Санариптүү Кыргызстан” долбоорунда жогоруда айтылган баардык көйгөйлөрдү чечүү шарттары кенен камтылган. Санариптик механизмдер ишке киргенден тартып, бул маселелердин көбү жок болот”, - деп жыйынтыктады Д.Догоев.

Мындан тышкары өлкө башчынын кеңешчиси “Санариптүү Кыргызстан” долбоорунун негизги өзөгү болгон Digital CASA долбоору тууралуу да кеп кылды.

“Digital CASA - долбоорунун аркасы менен Кыргызстандын ар бир айылына оптикалык кабель менен интернет жеткирилет. Мунун артынан жалпы Кыргызстан интернетке туташууга мүмкүнчүлүк алат жана интернеттин өздүк наркы да арзан болуусу күтүлүүдө. Мамлекеттин электрондук кызматтары элге жеткиликтүү болот. Долбоорду Дүйнөлүк банк каржылоодо - 50 миллион доллардын 25 миллиону насыя болсо, калган акча гранттык негизде берилет. Өткөрүлгөн оптикалык кабельдер аркылуу иш каналар элге интернет тартуулай алышат. Анын артынан ошол жерлерде кошумча жумуш орундары түзүлөт, салык төлөнөт. Андан сырткары, маалыматтарды кайра иштетүүчү жана сактоочу аймактык борбор куруу каралган (Data борборлорго). Мунун натыйжасында Digital CASA долбооруна катышкан коңшу Өзбекстан, Тажикстан, Пакистандагы жеке тараптар Кыргызстандагы Data борборлорго маалыматтарын сактоого шарт түзүлөт”, - деп билдирди Д.Догоев.

Ал эми эксперт, экономист Марат Мусураливедин пикиринде, цифравизациялоо, санариптик өлкө, электрондук өкмөт – бул азыркы замандын талабы жана көпчүлүк мамлекеттерде өнүгүп жаткан тенденция.

Эксперттин айтымында, санариптик мамлекетти куруудан Кыргызстан пайдадан башка зыян тартпайт, бирок баардык жабдуулар электрондук форматта болгон соң, маалыматтарга, электрондук даректерге жана өздүктөргө сак болууга тийиш.

“Санариптүү Кыргызстан долбоору ишке ашуусу менен Кыргызстанда көп тармактарда өтө ыңгайлуу шарттар түзүлөт. Мисалы алсак, ошол эле карапайым элдин үзүрүн кетирген справка чогултуу, ар кандай документтердин аркасынан чуркоо, аларды толтуруу кайра тийиштүү жака алып барып берүү көйгөйлөрү жокко чыгарылат. Ошондой эле электрондук ыкчам төлөөлөр, мамкызматтын аткарган иштери да тездетилет. Мунун баары албетте, Кыргызстандын өнүгүшүнө зор салымын кошот. Мындан тышкары, коррупция кескин 100 пайызга кыскарбаса дагы, көзгө көрүнөөрлүк натыйжа чыгат. Анткени, мамкызматтын көбү электрондук форматка өткөн соң, көптөгөн акча төлөмдөр электрондук болуп, адамдардын бул операцияларга тиешеси жок болот”, - деген оюн билдирди эксперт М.Мусуралиев.

Санариптик технологиялардын артыкчылыгы тууралуу М.Мусуралиев, жакында жаңы иштеп баштаган “Коопсуз шаар” долбооруна токтолду. Эксперттин ою боюнча долбоор ишине киреер замат ордо калаабызда автоунаа айдоонун маданияты пайда болду. “Бул долбоор ишке кирди, албетте бүгүнкү күндө кандайдыр бир жыйынтык чыгарыш эрте, бирок көчөлөрдө автоунаа айдоо маданияты өсүп келе жатканы байкалып турат. Жанагы санариптик технологиялардын эффектиси да ушундай тез таасирлүү болушу мүмкүн ” – деп билдирди М.Мусуралиев.

Аман Алымбеков

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий