• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Чет өлкөгө чыгардын астында карызыңыз бар же жок экендигин текшериңиз

Коом 0

Бишкек, 08.06.23. /Нурзат Жумалиева - Кабар/. Санариптик өнүктүрүү министрлиги Кыргызстандын аймагынан тышкары чыгууну пландаган жарандарга милдеттүү түрдө соттук аткаруучулар линиясы боюнча карыздарынын бар экендигин текшерүүнү эскертет.

Ведомстводон белгилешкендей, “Түндүк” электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталында “сот аткаруучулардын линиясы боюнча карыздардын бар экендигин текшерүү (авторизациясыз)” кызматы онлайн форматта жеткиликтүү. Кызмат жарандарга соттук аткаруучулардын линиясы боюнча карыздардын бар экендигин текшерүүгө мүмкүндүк берет.

3 жолу баскычты басуу менен маалыматты кантип алууга болот:

  • Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталына кирүү portal.tunduk.kg;
  • “Соттук аткаруучулардын линиясы боюнча карыздардын бар экендигин текшерүү (авторизациясыз)” кызматын тандоо;
  • Жеке идентификациялык номерди киргизип, "текшерүү" баскычын басыңыз.

Андан кийин, карыз боюнча маалымат төмөнкү формада жеткиликтүү болот:

  • Аткаруу ишинин номери;
  • Иш каралып жаткан Соттук аткаруучулар кызматы бөлүмүнүн аталышы;
  • Соттук аткаруучулар кызматынын бөлүмүнүн дареги.

Санариптик өнүктүрүү министрлигинен белгилешкендей, карыздарды өз убагында төлөбөө документин мажбурлап аткарылышына алып келет, ал кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө камак салуу, өлкө аймагынан чыгууга чектөө коюу, бар болгон учурда банктык эсептерди бөгөө, ошондой эле КР мыйзамдарында каралган башка жоопкерчиликке алып келет.

Пикир

Оставить комментарий