• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Санариптик сомду ишке ашырууда германиялык технологияларды колдонуу талкууланды

Коом 0

Бишкек, 12.07.22. /Кабар/. Элчи Өмүрбек Текебаев 7-июлда Германиянын мамлекеттик мекемеси болгон Bundesdruckerei GmbH компаниясына барды.

ТИМден билдиришкендей, Bundesdruckerei GmbH Германиянын мамлекеттик жеке документтерин чыгарган, ошондой эле ички иштер, бажы жана чек ара кызматтары үчүн коопсуз санариптик программаларды камсыз кылган компания.

Анын регионалдык директору Юдит Майнкенин айтымында, 250 жылдык тарыхы бар Bundesdruckerei GmbH компаниясы көп жылдардан бери евро банкнотторун чыгарып, азыркы тапта санариптик валютаны ишке ашыруу маселеси менен тыгыз иштеп келет. Ал бул процессте санариптик коопсуздукту камсыздоо маселелерине өзгөчө көңүл буруларын баса белгиледи.

Текебаев менен Майнке Кыргызстанды 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасында каралган санариптик сомду ишке киргизүүдө германиялык технологияларды колдонуу мүмкүнчүлүгүн талкуулады.

Маселени тиешелүү министрлик жана ведомстволордо талкуулоо үчүн Bundesdruckerei GmbH компаниясынын өкүлдөрүнүн Кыргызстанга келүүсү жөнүндө макулдашууга жетишилди.

Пикир

Оставить комментарий