• 86.17
  • 93.86
  • 0.87

Санитардык эрежелер сакталган эмес! «Кайнар» ресторанында кайрадан иш-чара өтүп жаткандыгы аныкталды

Коом 0

Бишкек, 26.08.20. /Кабар/. Бишкектеги «Кайнар» ресторанында кайрадан иш-чара өтүп жаткандыгы аныкталды, - деп билдирет шаардык мэриянын басма сөз кызматы.

Муниципалитеттин билдирүүсүнө караганда, кезектеги текшерүүнүн жүрүшүндө аталган ресторанда көп адамдардын катышуусунда куран окутулуп жаткандыгы аныкталган. Ошондой эле ш-чара санитардык эрежелер сакталбастан өткөрүлүп жаткан.

Октябрь районунун башчысы Азамат Дороев жана райондук администрациянын кызматкерлери Санитардык-экологиялык инспекциясынын жана МАБ кызматкерлери менен биргеликте массалык иш-чара өткөрүлүп жатканда күтүлбөгөн жерден кирип барып, СЭИ «Бузуулар жөнүндө» кодексинин 293-беренеси боюнча протокол түзүлгөн.

«Урматтуу ишкерлер, адам өмүрлөрү менен ойнобоңуздар! Вирус Бишкекте жана ал коркунучтуу. Өндүрүштү көзөмөлдөө жана санитардык талаптардын сакталышы үчүн жоопкерчилик жетекчилерге жүктөлгөн. Кардарларыңыздар жана кызматкерлериңиздер үчүн коопсуз иштөө шарттарын түзүңүздөр. Санитардык нормалар, гигиена, антисептиктер жана аралыкты сактоо вирус менен күрөшүүдө жардам берет», - деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.

Пикир

Оставить комментарий