• 87
  • 90.63
  • 0.79

Кара-Кыргыз автономиялуу облусуна 100 жыл. Санкт-Петербургда илимий конференция өттү

Коом 0

Бишкек, 03.12.24. /Кабар/. Санкт-Петербург шаарында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун биринчи жетекчиси Иманалы Айдарбековдун 140 жылдыгына арналган эл аралык илимий-практикалык конференция өттү.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, иш-чара КР Жогорку Кеңеши, КМШнын Парламенттер аралык Ассамблеясы, Санкт-Петербург шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулдугу тарабынан уюштурулуп, КМШ ПААнын Таврия сарайында өттү.

Конференциянын жүрүшүндө президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев, КМШ ПАА Генералдык катчысынын Д.Кобицкийдин куттуктоо каттары окулду.

Кыргызстандык бир катар белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер жана Россиянын илимий ишмерлери өз докладдары менен чыгып сүйлөшүп, КМШ ПАА Кеңешинде Азербайжан, Казакстандын парламенттеринин өкүлдөрү куттуктоолорун сүйлөштү.

Ошондой эле азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн алгачкы жетекчилери тууралуу даректүү тасма көрсөтүлүп, көргөзмө өткөрүлдү.

Конференцияга Санкт-Петербург шаарындагы жогорку окуу жайларында окуп жаткан кыргызстандык студенттер жана мекендештер катышты.

Конференциянын соңунда Башкы консулдук кыргыз делегациясы менен биргеликте Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата иш-чараларды өткөрүү боюнча активдүү иш алып барган Санкт-Петербургдагы диаспора активисттерине ардак грамоталарды тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий