• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Санкт-Петербургда каза болгон кыргызстандыктын сөөгү мекенине 25-майда жөнөтүлөт

Коом 0

Бишкек, 24.05.21. /Кабар/. Санкт-Петербургда каза болгон кыргызстандыктын сөөгү мекенине 25-майда жөнөтүлөт. Бул тууралуу КРнын Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет.

«Санкт-Петербург шаарында кыргыз жараны каза болду. Учурда жагдайлар иликтенип жатат» - деген аталышта интернет булактарында жарыяланган маалыматка байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилиги төмөнкүлөрдү билдирет.

«Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилигинин Санкт-Петербург шаарындагы Канцеляриясы билдиргендей, аталган шаарда иштеп жүргөн 1990-жылдын 24-сентябрында туулган Д.Э. аттуу жаран ушул жылдын 22-майында бийиктиктен кулап каза болгон.

Учурда сөөктү алып кетүүгө уруксат берилди, ошондой эле каза болгон жарандын сөөгү 2021-жылдын 25-майында Санкт-Петербург - Ош каттамы менен Кыргыз Республикасына жөнөтүлөт.

Чет жерде каза болгон кыргызстандык жарандын сөөгүн Кыргыз Республикасына жеткирүүгө байланыштуу чыгымдарды жабуу үчүн компенсация алуу боюнча тиешелүү консультациялар берилди. Маркумдун туугандары бул компенсацияны Кыргыз Республикасында алууну көздөп жатышат».

Пикир

Оставить комментарий