Санкт-Петербургда Кыргызстан менен Россиянын акыйкатчылары биргеликте мигранттарды кабыл алды

Коом 0

Бишкек, 03.07.24./Кабар/. Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева менен Россиянын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалькова биргелешип, эмгек миграциясында жүргөн кыргыз жарандарын кабыл алышты. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Жамиля Жаманбаева белгилегендей, жарандарды биргелешип кабыл алуу адам укуктары жана эркиндиктери бузулган мекендештердин көйгөйлөрүн жеринде чечүүгө мүмкүндүк берет.

"Биздин милдет – сиздердин көйгөйлөрүңүздөрдү угуп гана коюу эмес, Кыргызстандын Акыйкатчы институтунун, Кыргыз Республикасынын Санкт-Петербургдагы Башкы консулдугунун, ошондой эле Россиянын адам укутары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн биргелешкен аракети менен аларды жеринде чечүү. Ошондой эле, Россияда миграцияда жүргөн мекендештерибиздин укуктарын жана эркиндиктерин коргоо үчүн бардык чараларды көрүү", - деп белгиледи акыйкатчы.

Кыргызстандын Санкт-Петербургдагы башкы консулу Алтынай Сакеева бул шаарда 50 миңдей кыргызстандык жашай турганын белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө Санкт-Петербургдагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү акыйкатчы Жамиля Жаманбаевага мигранттардын укуктарынын системалуу түрдө бузулушун коргоого көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылышты.

Атап айтканда, жолугушууга келгендердин көпчүлүгү миграциялык каттоого туруу учурундагы кыйынчылыктарга нааразы болушту. Алардын айтымында, кезек күтүүнүн мөөнөтү узак болгонуна байланыштуу алардын документтери убагында бүтпөй калып жаткан. Андан тышкары, мигранттар каттоого турушу керек болгон турак жайдын ээсинин болушу талап кылынат.

"Мындай кыйынчылыктардан улам мигранттар өз убагында миграциялык каттоого турууга үлгүрбөй, Орусияда убактылуу жүрүү мөөнөтүн калыбына келтирүү үчүн Кыргызстанга кайтып келүүгө аргасыз болууда", - дейт диаспора өкүлү.

Ошондой эле кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү административдик мыйзам бузгандыгы үчүн өлкөдөн депортациялоо менен байланышкан мигранттардын көйгөйлөрүнө көңүл бурушту.

"Жакында эле, Кыргызстандын Россияда эмгектенип, жашап жүргөн жаранынын жолдошу мага телефон чалып кайрылды. Анын айтымында, жубайын административдик тартип бузгандыгы үчүн өлкөдөн чыгарып жатышканын айтты. Сот депортациялоо чечимин чыгарган. Азыр ал келин Санкт-Петербург шаарынын Красное айылындагы мигранттарды убактылуу кармоочу жайда кармалып турат. Анын кичинекей балдары кароосуз калган", - деди кыргыз диаспорасынын өкүлү.

Жамиля Жаманбаева бул маселени да жеке көзөмөлүнө ала турганын билдирди.

Москалькова жеринде өз кызматкерлерине мигранттардын укуктарын коргоо боюнча чараларды көрүүнү тапшырды.

"Иш жүзүндө балалуу аялдарга мажбурлап депортациялоо колдонулбайт, башкача айтканда, аялга өз ыктыяры менен балдары менен өлкөдөн чыгууга мүмкүнчүлүк берилет. Ошондуктан, бул учурда биздин кийлигишүүбүз зарыл, анткени балдарды апасынан ажыратууга болбойт. Балдарды кароосуз калтырбоо керек. Биздин кызматкерлер үй-бүлөнүн, өзгөчө балдардын укуктарын камсыз кылуу боюнча чараларды көрүшөт", - деп белгиледи Москалькова.

Кыргызстандын акыйкатчысы мигранттарды административдик укук бузганы үчүн өлкөдөн чыгарууга байланыштуу маселе КМШнын адам укуктары боюнча комиссиясынын жыйынында талкууланганын кошумчалады.

"Кыргызстан мигранттардын укуктары тууралуу мыйзамдардын катаалдыгына көңүл буруу зарылдыгы тууралуу комиссиянын кароосуна сунуш киргизген. Анткени, Россия Федерациясынын мыйзамына ылайык, үч жыл ичинде эки жолу административдик укук бузгандыгы үчүн адамдар депортацияланат. Биз депортацияга альтернативалык айып пул салуу же миграциялык мыйзамдардын нормаларын жеңилдетүү жагын карап чыгууну сунуштайбыз", - деп белгиледи Жамиля Жаманбаева.

Москалькова депортация эрежелери боюнча мыйзам чыгаруу органына мурда сунуш болгонун, ал жарым-жартылай колдоого алынганын баса белгиледи.

"Азыр айрым административдик укук бузуулар үчүн айып пул түрүндөгү альтернатива бар. Жыл ичинде бизге Россияда жүргөн Кыргыз Республикасынын 28 жараны кайрылса, анын ичинен 10 кайрылуу оң жагына чечилген. Кайрылуулардын көпчүлүгү депортация маселесине байланыштуу болгон. Сотто биз өлкөдөн чыгаруудан башка альтернативдүү чараларды колдонуу зарылдыгын далилдейбиз", - деди Москалькова.

Жолугушууда, иштеп жана жашап жаткан өлкөнүн мыйзамдарын билүү жана түшүнүү маанилүүлүгү, ошондой эле абактардагы мигранттарга консулдук жардам жана котормочу менен өз убагында камсыз кылуу маселеси талкууланды.

Буга чейин, Кыргызстандын жана Россиянын акыйкатчылары өз өлкөлөрүндө бири-биринин жарандарынын укуктарын коргоону камсыздоо боюнча кызматташуу тууралуу протоколго кол коюшкан.

Ага ылайык, Жаманбаева менен Москалькова 2023-жылдын август айында Москва шаарында жарандарды жеке кабыл алуу өткөрүшкөн.

Айта кетсек, пресс-релиз жарыяланган учурда жогоруда айтылган Кыргызстандын жаранын Россиянын аймагынан мажбурлап чыгаруу боюнча чечим кабыл алынганы белгилүү болду. Ага балдары менен өлкөдөн чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк берилген.

Пикир

Оставить комментарий