• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Санкт-Петербургда ЖЕЭКтин кезектеги отуруму болуп өттү

ЕАЭБ 0

Бишкек, 26.12.23. /Кабар/. Кыргызстандын президент Садыр Жапаров 25-декабрда Санкт-Петербург шаарында (Россия Федерациясы) Жогорку Евразия экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) кезектеги отурумуна катышты.

Иш-чара Россия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин төрагалыгы астында, Армения Республикасынын премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко, Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаевдин катышуусунда өттү.

ЕАЭБдин байкоочу өлкөлөрүнүн лидери катары видео-конференц-байланыш режиминде Кубанын президенти Мигель Диас-Канель видео кайрылуу жасады. Ошондой эле Иран Ислам Республикасынын өнөр жай, кен жана соода министри Аббас Алиабади сөз сүйлөдү.

Отурумдун жүрүшүндө 2030 жана 2045-жылдарга чейинки мезгилде ЕАЭБдин катышуучуларынын интеграциясын өнүктүрүүнүн негизги милдеттери жана багыттары, 2024-жылга карата ЕАЭБтин эл аралык чөйрөдөгү ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары, катышуучу өлкөлөрдүн 2024-2025-жылдарга макроэкономикалык саясатынын негизги максаттары жана көрсөткүчтөрү ж. б. маселелер каралды.

Мындан тышкары, Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунун алкагында ЕАЭБ өлкөлөрү Иран менен эркин соода жөнүндө толук форматтуу макулдашууга кол коюшту.

ЖЕЭКтин кезектеги жыйынынын жыйынтыгы боюнча экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана ЕАЭБ алкагында интеграцияны андан ары тереңдетүүгө багытталган бир катар чечимдерге жана документтерге кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий