• 87.32
  • 94.96
  • 0.98

Сапар Исаковду УКМКга суракка чакырышты

Коом 0

Бишкек, 26.04.18. /Кабар/. Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковду УКМКга суракка чакырышкан. Бул тууралуу Исаков өзүнүн Facebook баракчасында билдирген. УКМКдан келген чакырууда ал 2018-жылдын 26-апрелинде саат 15:00гө №232 бөлмөгө келиши керектигин көрсөтүлгөн. Аны суракка күбө катары чакырышкан.

Аны УКМКга кайсы суроо боюнча чакырышкандыгы такталган эмес.

Эске сала кетсек, Сапар Исаков 2017-жылдын августунан 2018-жылдын апрель айына чейин өкмөт башчы болгон.

Пикир

Оставить комментарий