• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Сапатына өзгөчө көңүл бурулат. Транспорт министрлиги жол белгилерин чыгарууда

Коом 0

Бишкек, 17.12.24. /Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Өндүрүштүк-инновациялык борбор" мамлекеттик мекемеси жол белгилерди чыгарууда.

Ведомстводон билдиришкендей, буга чейин жол белгилерин жеке компаниялар чыгарып келсе, учурда мекеме өзү чыгарууда. Иштин жүрүшүндө биринчи кезекте сапатына өзгөчө көңүл бурулуп, тыкыр көзөмөлгө алынган.

Жолчулар тарабынан өлкө аймагында өңү өчүп, эскилиги жеткен же жарактан чыккан жол белгилерин алмаштыруу иштери жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек, устакана 2023-жылдын апрель айынан тарта өз ишин баштаган.

Пикир

Оставить комментарий