Бишкек, 02.10.21. /Кабар/. Кыргызстанда 2-октябрга карата коронавирус дагы 72 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.
Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 34, Чүй облусунда – 18, Ош облусунда – 2, Талас облусунда – 3, Нарын облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 9, Жалал-Абад облусунда – 2 адамдан илдет табылган.
Ал эми бир суткада 80 адам илдеттен сакайып чыгып, каза болгондор катталган жок.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 441 бейтап, амбулатордук түрдө 764 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 178 миң 680 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 173 миң 385 киши айыгып чыкса, 2 миң 607 адам каза болду.
Пикир
Оставить комментарий