• 85.06
  • 93.51
  • 0.88

Сауд Арабиясы зыяратчыларды чектелүү санда кабыл алууга ниеттенүүдө

Дүйнө 0

Бишкек, 10.06.20. /Кабар/. Сауд Арабиясы пандемияга байланыштуу зыяратчылар үчүн бериле турган квотаны кыскартарын билдирди. Ушул тапта королдукта коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандар 100 миң кишиден ашты.

Сауд Арабиясы мартта зыяратчыларды кабыл алууну токтото турганын маалымдаган.

«Рейтер» агенттиги өз булактарына таянуу менен королдук чектелүү санда зыяратчыларды кабыл алууну баштай турганын жазды. Королдукка келгендер медициналык кароодон өтүп, бардык санитардык эрежелерди сакташы керек. Ал арада Саудия өтө улгайган кишилердин сапарына чектөө киргизүүнү пландоодо.

Башка бир булак королдук бул талаптарды аткаруу менен буга чейин ар бир өлкөгө берилген квотанын 20% орундатууга мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирди.

Ошол эле маалда Сауд Арабия өкмөтүнүн айрым мүчөлөрү быйыл ажылык сапарды толугу менен токтотууну жакташууда. Быйыл ажылык сапар августтун башында башталышы керек.

Королдук бул боюнча расмий түрдө билдирүү тарата элек.

Расмий маалыматтар боюнча 2019-жылы 2,6 миллион зыяртачы ажылык парзын аткарып, дагы 19 миллион мусулман умрага барган.

Пикир

Оставить комментарий