• 87.45
  • 90.89
  • 0.89

Сауд Аравия умра сапарын пландаган чет өлкөлүктөр үчүн жаңы талаптарды киргизди

Коом 0

Бишкек, 23.01.25. /Кабар/. Сауд Аравия Падышачылыгы өлкөгө барууну пландап жаткан чет элдик жарандар үчүн жаңы медициналык-санитардык талаптар жана сунуштарды киргизди. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына караганда, жаңы медициналык-санитардык талаптарга жана сунуштарга ылайык, умра кылууну пландап жаткан бир жаштан жогорку бардык чет өлкөлүк жарандар менингококк менингитине каршы эмдөөдөн өтүүгө жана тиешелүү сертификатка ээ болушу тийиш. Менингококк менингитине каршы эмдөө Сауд Арабия Падышачылыгына келгенге чейин кеминде 10 күн мурун же вакцинанын түрүнө жараша акыркы 3 же 5 жылдын ичинде алынышы керек.

Ушуга байланыштуу Тышкы иштер министрлиги умра кылууну пландаган КР жарандарына Сауд Арабия Падышачылыгынын Саламаттык сактоо министрлигинин сайтында жарыяланган жаңы талаптар жана сунуштар менен бул шилтемеге кирип, таанышып алууну сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий