• 87
  • 90.41
  • 0.84

Сауд Аравиялык компания Кыргызстанда күн энергиясын өндүрүүчү станция курат

Коом 0

Бишкек, 22.11.24. /Кабар/. Эр-Рияд шаарында Кыргызстандын Сауд Аравия Падышалыгындагы элчиси Улукбек Марипов Fas Renewable Energy компаниясынын бизнести өнүктүрүү боюнча менеджери Бабу Ануп менен жолукту.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын Fas Renewable Energy компаниясы менен алдыдагы кызматташтыгы жана Кыргызстанда күн энергиясын өндүрүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Атап айтканда, элчи кыргыз тарап үчүн Сауд Аравия компаниялары менен энергетика тармагындагы байланыштарды бекемдөө эки өлкөнүн ортосундагы өз ара кызматташтыкты мындан ары активдештирүү үчүн негизги милдеттердин бири экенин белгилеп, Fas Renewable Energy компаниясы менен эки тараптуу кызматташууну мындан ары активдештирүү боюнча өз пикирлери жана сунуштары менен бөлүштү.

Өз кезегинде Бабу Ануп Элчиге жолугушуусу үчүн ыраазычылык билдирип, энергетика тармагында Fas Renewable Energy компаниясы менен кызматташууну мындан ары активдештирүү боюнча айтылган сунуштары үчүн ыраазычылык айтып, учурда алар Кыргызстанда 900 МВт кубаттуулуктагы күн энергиясын өндүрүү долбоору боюнча кыргыз тарап менен жакын арада тийиштүү макулдашууга кол коюу боюнча зарыл болгон даярдык иштерин бүтүрүп жатышканын билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар тыгыз байланыштарды сактоо жана эки тараптуу алакаларды бекемдөө боюнча комплекстүү иштерди улантуу тууралуу макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий