Бишкек, 11.03.22. /Кабар/. Сауд Аравиясы кичи ажылыкка барууну пландаган зыяратчыларга ПЧР-тестирлөөсүз өлкөгө кирүүгө уруксат берди. Бул тууралуу Өзбекстан өкмөтүнүн Дин иштери боюнча комитетинин Telegram-каналы билдирди.
Комитет Сауд Арабияга бара турган зыяратчыларды падышачылыкта каттоодон өткөн препараттар - Pfizer / Bihortech, Oxford-Astrazeneca, Moderna же Johnson&Johnson менен толук эмделүүгө чакырды.
Пикир
Оставить комментарий