• 85.5
  • 93.62
  • 0.88

Сауд өнүктүрүү фонду Кыргызстан менен тыгыз кызматташат

Экономика 0

Бишкек, 04.04.18. /Кабар/. Кыргызстандын вице-премьер-министри Санжар Муканбетов Тунисте Ислам өнүктүрүү банкынын тобунун жыл сайын өтүүчү 43-Кеңешмесинин алкагында Сауд өнүктүрүү фондунун башкаруучу директору Ибрагим Аль-Бассам менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМ басма сөз кызматы билдирди.

Вице-премьер-министр СӨФга КР өкмөтү менен Кыргызстан менен каржылык кызматтар багытында кызматташууга даярдыгы үчүн ыраазычылык билдирди. КР жетекчилиги СӨФнын өлкөнү экономикалык өнүктүрүүгө кошкон салымына жогору баа берерин белгиледи.

Ошондой эле СӨФна Бишкек шаарында лабораториялык карантин зонасын курууга жана жүрөк жана органдарды трансплантациялоо УИИни заманбап жогорку технологиялуу медициналык жабдууларды камсыздоо үчүн 3,8 млн АКШ доллар бөлгөнү үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле жалпы суммасы 130 млн доллар болгон Араб Координациялык Тобу тарабынан 2017-жылы 11-12-июлда Бишкек шаарында Тегерек үстөлдө жактырылган “Балыкчы - Каракол – Балыкчы” автожолун кайра куруу” долбоору талкууланды.

Өз кезегинде Ибрагим Аль-Бассам ыраазычылык билдирип, КР менен СӨФ менен тыгыз кызматташтыкка кызыкдарлык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий