• 85.2
  • 93.37
  • 0.88

Сельчук Байрактар Кыргызстанда кайсы тармакка инвестиция салууну пландап жатканын айтты

Санарип Кыргызстан 0

Бишкек, 09.10.24. /Кабар/. Бишкекте өтүп жаткан жасалма интеллект боюнча түрк мамлекеттеринин форумуна Baykar Technology компаниясынын техникалык директору Сельчук Байрактар катышты.

Ал өз сөзүндө компаниянын аскердик авиация тармагына киргизген жаңылыктары тууралуу айтып берди.

“Биздин компания 2000-жылы болгону 10 адам менен иш баштасак, азыр 5 миңден аштык.

Азыр Кыргызстан менен да кызматташуудабыз. Биз өндүргөн байрактар сиздердин өлкөнү коргоп туруусу үчүн түрк мамлекеттери менен бирге иштешүү биз үчүн чоң сыймык”, - деди Байрактар.

Ошондой эле, ал Кыргызстандын технологиялык секторуна инвестиция салууну пландап жатышканын белгилеп, иштин жогорку натыйжалуулугу үчүн жасалма интеллектти колдонгон жаңы дрондорду көрсөттү. Сельчук Байкар космостук системалар багытында да иштей баштаганын жана кызыкдар өлкөлөр менен биргеликте ракеталарды курууну көздөгөнүн маалымдады.

Белгилей кетсек, 9-10-октябрда Бишкекте жасалма интеллект боюнча Түрк мамлекеттеринин форуму өтүүдө. Бул эки күндүк инновациялык иш-чара, мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн, жасалма интеллект жаатындагы алдыңкы эксперттерди, бизнес, академиялык чөйрөлөрдүн жана түрк өлкөлөрүнүн, Борбор Азия регионунун жана дүйнөнүн маалыматтык технология коомчулугунун өкүлдөрүн бириктирет.

Форумга Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү жана алдыңкы эксперттери катышууда. Байкоочу өлкөлөрдүн статусунда Венгриянын өкүлдөрү турат.

Пикир

Оставить комментарий