• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Сел кооптуулугу жаралган аймактарда үйлөрдү куруу бүтүндөй айыл үчүн коркунуч жаратат – ӨКМ башчысынын маеги

Маек 0

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев “Кабар” агенттигине маек берип, ӨКМдин өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу боюнча иштери тууралуу айтып берди. Ошондой эле ал адамдардын өз үй-жайын курууда жана жаратылышка жоопкерчиликтүү мамиле кылуу керектигин белгиледи.

Саламатсызбы, Бообек Эргешевич. Бүгүнкү күндө сиз Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өлкөдө өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу боюнча жүргүзүп жаткан иш-аракетин кандай баалайсыз?

Саламатсызбы. Биз өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты жакшыртуу жана тобокелдиктерди азайтуу боюнча жигердүү иштеп жатабыз. Бүгүнкү күндө биздин бардык долбоорлорубуз өрткө каршы инфраструктураны модернизациялоого, кырсыктарды болжолдоо тутумун жакшыртууга жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлаштырууга жана башкаларга маселелерге багытталган.

Маселен, биз жакында эле Ош шаарында заманбап өрт өчүрүү станцияларынын курулушун бүтүрдүк, бул аймакта өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу иштерин бир топ тездетет. Тилекке каршы, табигый кырсыктар тез-тез катталууда, мындан улам биздин мекеме алардын кесепеттерин азайтуу үчүн алдыңкы технологияларды киргизүүдө. Бирок кырсыктардын алдын алуу мамлекеттин гана милдети эмес экенин түшүнүү керек, мында ар бир жаран өзүнүн жана айлана-чөйрөнүн коопсуздугу үчүн жоопкерчиликтүү болушу керек.

— Сиз ар бир жарандын жоопкерчилиги тууралуу айтып өттүңүз. Өзгөчө айыл жергесинде адамдардын өз үй-жайына, жаратылышка болгон мамилеси кандай мааниге ээ?

Тилекке каршы, айыл жергесинде адамдар көп учурда кооптуу аймактарга – жер көчкү жана суу ташкындоо коркунучу жогору болгон тоо боорлоруна же суу нугуна үй курушат. Бул өзгөчө кырдаалдар учурунда чоң жоготууларга алып келет. Табигый кырсыктардын алдын ала алабыз, бирок жарандар турак жай куруу үчүн жерди тандоодо табигый тобокелдиктерди түшүнүүсү жана аңдап билүүсү өтө маанилүү. Буга ар бир адамдын жоопкерчилик менен мамиле кылуусу зарыл. Биз адамдарга мындай тобокелчиликтер тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу үчүн байма-бай маалымат кампанияларын өткөрүп турабыз.

Өрт коопсуздугу да актуалдуу көйгөйлөрдүн бири. Ар бир адам кандай эрежелерди так сакташы керек?

Бул жерде кымындай гана ката чоң трагедияга алып келерин түшүнүшүү кажет. Мисалы, адамдар эс алып жүргөндө көбүнчө отту өчүрбөй таштап коюшат, бул токойдун өрттөнүшүнө алып келиши мүмкүн. Өлкөбүздүн жаратылыш аймактары өзгөчө камкордукту талап кылат. Ар бир адам өрт коопсуздугунун эрежелерин билип, аны сактоого тийиш. Бул жаратылыштагы эс алууга гана тиешелүү эмес, күнүмдүк жашоого да ар бир адам үйдө же жумушта өрт чыгып кетпеш үчүн сактык чараларын көрүшү шарт.
— Өлкөнүн экономикасы алдыга жылып, мамлекет инфрастуруктуралык долбоорлорду активдүү ишке ашырууда. Бул Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишмердүүлүгүнө кандай таасир тийгизүүдө?

Акыркы жылдары биз инфрастуруктуранын олуттуу өнүгүшүнө күбө болуп жатабыз, бул жарандардын жашоо сапатын гана эмес, коопсуздуктун да деңгээлин жакшыртууда. Бул процесстерге Өзгөчө кырдаалдар министрлиги да активдүү катышууда. Буга мисалдар көп.

Биздин өлкөдө мурда 4 ири тегирмен бар болчу. Алардын баары жараксыз абалга келген же жеке адамдар тарабынан менчиктештирилип кеткен. Жакында эле Балыкчы, Каракол шаарларындагы ири тегирмендер мамлекетке кайтарылып, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин материалдык резервдер башкармалыгынын карамагына өткөрүлдү. Бул иш-чара стратегиялык маанилүү объектилерди калыбына келтирүүгө жана азык-түлүк кризиси учурунда өтө маанилүү болгон ун менен камсыздоону көбөйтүүгө мүмкүндүк берди. Мындай долбоорлор мамлекет өлкөнүн туруктуу келечегине инвестиция салып жатканын көрсөтүүдө.

— Сиз өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндө маалыматтык айкындуулукту жана активдүүлүктү сактоодо коомдун жана коомчулуктун ролун кандай баалайсыз?

Мында коом чоң роль ойнойт. Жарандар ар нерсе тууралуу ойлонбой, мамлекет аларды коргоо үчүн эмне кылып жатканын так түшүнүүсү абдан маанилүү. Биз жарандарды акыркы жаңылыктардан кабардар болууга чакырабыз. Эскертүүлөр өз убагында кооптуу учурларды алдын алууга жардам берет. Биз коомчулуктун актуалдуу маалыматка ээ болушу үчүн колдон келгендин баарын жасайбыз.

— Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жаратылышты коргоо боюнча демилгелерди активдүү жайылтууда. Бул жаатта сиздердин артыкчылыктуу багыттарыңыздар кандай?

Биздин тоолуу аймактарда жер көчкү, суу ташкыны сыяктуу табигый кырсыктар көп катталат. Жер кыртышын сактоодо, эрозиядан сактанууда бак-дарактар негизги ролду ойноорун көрүп жатабыз. Канчалык бак-дарактарды көп отургузсак, тоолорубуз ошончолук бекем болот, кыйратуучу жер көчкү коркунучу ошончолук азаят. Ошондой эле жайыттардын жаратылышка зыян келтирбесин камсыз кылуу зарыл. Биз адамдарды экологиялык жактан жоопкерчиликтүү болууга үндөп, токойлорду калыбына келтирүү боюнча долбоорлорду колдойбуз.

— Учурда инфраструктураны жакшыртуу жана жергиликтүү адистерди колдоо боюнча кандай инвестициялык долбоорлор ишке ашырылып жатат?

Биз эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте инфраструктураны жакшыртуу боюнча ишти улантуудабыз. Долбоорлор өрт коопсуздугун өнүктүрүүгө, жолдорду курууга, айыл аймактарынын туруктуулугун камсыздоого багытталган.

Белгилей кете турган жагдай, мамлекет бүгүнкү күндө өлкөгө абдан жемиштүү инвестиция салып жатат. Көрүнүп тургандай, президент Садыр Жапаров жергиликтүү дагы, чет элдик дагы инвесторлорду өлкөбүзгө инвестиция салууга үндөп жатат, учурда натыйжалар бар. Бул мугалимдердин, дарыгерлердин жана башка адистердин эмгек акысын жогорулатууга мүмкүндүк берип, муну менен катар жашоо деңгээлди жогорулатууга жардам берет.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги калкты коргоо жана кырсык коркунучун азайтуу боюнча иш-чараларды күчөтүүнү улантууда. Бирок, ийгиликтин көбү жарандардын өзүнөн, алардын жоопкерчилигинен, коопсуздукка жана жаратылышка аң-сезимдүү мамилесинен көз каранды.

Пикир

Оставить комментарий