• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Сел жүрүү коркунучу жаралганда жарандар өздөрүн кантип алып жүрүүсү керек?

Коом 0

Бишкек, 25.06.24. /Кабар/. Сел каптоо коркунучу жаралган учурда адамдар кандай эрежелерди сакташы керек?

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бир катар кеп-кеңештерди айтып, жарандар өздөрүн кантип алып жүрүшү маанилүү экендигине токтолду.

Эске түйүп алчу эрежелер:
- Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан өзгөчө кырдаалдар жөнүндө смс-билдирмелерди карап туруу зарыл;
- Сел агымынын жакындаганын уккан соң дароо бийик жерге чыкканга аракет жасоо керек;
- Сел жүргөн жолдо унаа колдонбоңуз. Бул учурда кооптуу абал жаралышы мүмкүн;
- Документтерди жана башка баалуу буюмдарды алдын ала даярдап коюу кажет;
- Эгер убакыт бар болсо, үйдүн жогору кабатына же чатырына керектүү буюмдарды ташуу зарыл;
- Сел коркунучу пайда болсо, сууну, электр энергиясын, газды өчүрүү керек;
- Жаныңызга керектүү буюмдарды алып, алдын ала пландаштырылган коопсуз жерлерге баруу зарыл;
- Кырсыктар катталган учурда 112 кызматына байланышуу шарт.

Ошондой эле ӨКМ өзгөчө кырдаалдардан коргоо максатында үй-жайды камсыздандыруу керектигин эске салды.

Белгилей кетсек, акыркы эки-үч күндөн бери нөшөрлүү жааган жамгырдын айынан Баткен, Жалал-Абад, Ош, Ысык-Көл облустарында сел жүрдү. Күн мурун Кадамжай районунун сел каптаган айылдарынын жашоочулары коопсуз аймактарга эвакуацияланды.

Пикир

Оставить комментарий