Селден улам Ноокат районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Кырсык 0


Бишкек, 28.06.24. /Кабар/. Селден улам Ноокат районунун аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Белгилей кетсек, бүгүн аймакта катуу сел жүрүп, 6 адамды агызып кеткен. Учурда бешөөнүн сөөгү табылып, дагы бирин издөө иштери жүрүүдө.

Мындан тышкары, 2 көпүрөнү, 10 электр мамысын агызып, 30дан ашык турак үйгө жана короо-сарайларга жана 1 бала бакчага кирген.

Учурда жеринде ӨКМдин 100дөн ашык куткаруучусу иштеп жатат.

Пикир

Оставить комментарий