Бишкек, 11.07.24. / Кабар/. Чүй облусундагы Токмок – Шамшы – Туюк унаа жолунун 21-30-чакырымдар аралыгында селдин кесепеттерин жоюу жумуштары жүрүүдө.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, жеринде “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынын №34 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жана атайын техникалар иштеп жатышат. Бүгүн кечке дейре каттамды ачуу аракети көрүлүүдө.
Белгилей кетсек, түнү менен нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Токмок – Шамшы – Туюк унаа жолунда сел жүрүп, жол убактылуу жабылган.
“Учурда тазалоо, кеңейтүү иштери менен катар жолдун суу жеп кеткен жерлери жана көлөмү такталууда. Тиешелүү өкүлдөр менен биргеликте жүргүзүлүүдө”, - деп айтылат маалыматта.
Пикир
Оставить комментарий