Селден жабыркаган Ноокат элине Өзбекстандан 95 тонна гумжардам келди

Аймак 0

Бишкек, 04.07.24. /Кабар/. Күн мурун Өзбекстандан Ноокаттагы селден жабыркагандарга гуманитардык жардам келди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Өзбекстандын өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Санжарбек Зупаров баштаган делегациянын коштоосунда жалпы 95 тонналык гумжардамды ӨК министринин орун басары Акылбек Мазарипов, президентинин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Ильяс Ташбаев тосуп алды.

Гумжардамда ун, өсүмдүк майы, кум шекер жана башка тамак-аш азыктары бар.

Пикир

Оставить комментарий