• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Селден жабыркагандардын насыя маселеси каралат – Кыргызстандын банктар союзу

Коом 0

Бишкек, 18.07.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Ош облусунда селден жабыркаган насыя алуучулардын маселеси каралат. Бул тууралуу Кыргызстандын банктар союзунун президенти Анвар Абдраев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

“Мен өзүмдүн, банктар союзунун жана банктардын атынан селден жабыркагандарга жана жакындарын жоготкондорго терең кайгыруу менен көңүл айтам. Өлкөнүн банк секторунун атынан Ош облусуна жардам жөнөтүлгөнү жатат. Ошондой эле биз кеңешип, жарандардын кредиттик операцияларын кайрадан карап чыгабыз”, - деди Абдраев.

Белгилей кетсек, 14-июлда Ош шаары жана Кара-Суу районунун аймагында катуу жааган жаандан улам Ак-Буура дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, борбордук базарды, эс алуу жайларын суу каптаган. Анда бир катар соодагерлердин күркөлөрү жабыркап, товарларынын көбүн суу агызып кеткен.

Пикир

Оставить комментарий