Бишкек, 05.02.20. /Кабар/. Кыргызстандык "Селкинчек" кыска метраждуу тасмасы Гонконг жана Мюнхенде өтүүчү эл аралык кинофестивалдарга катышат. Бул тууралуу Кинематографияны өнүктүрүү фондунан билдиришти.
Тасманын режиссеру – Самара Сагынбаева.
"Селкинчек" тасмасы Гонконгдогу эл аралык кинофестивалы "Азиянын жаңы күчү" проммасына тандап алынган. Фестиваль 26-февралдан 6 мартка чейин болуп өтөт.
Ал эми Мюнхендеги (Германия) Bunter Hund фестивалы 5-8 март күндөрү өтөт.
Пикир
Оставить комментарий