Бишкек, 13.08.20. /Кабар/. “Семетей” госпиталы жабылды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Штабдан билдиришкендей, бүгүн “Семетей” госпиталынан коронавирус менен ооруган акыркы 8 бейтап сакайып чыккан.
Жалпысынан стационар 47 күн иштеген. Ал аралыкта стационарда 1 миң 500 бейтап, анын ичинен 300гө жакыны реанимацияда дарыланган.
“Белгилей кетсек, учурда күз-кыш мезгилдерине, экинчи толкунга даярдык көрүү иштери улантылып жатат. Бул убакыттын ичинде шарттарды жакшыртып, көйгөйлөрдү чечүү жана лаборатория түзүү пландалууда”, - деп билдирет штаб.
Пикир
Оставить комментарий